«Кыргызжылуулукэнергодо» 4.9 млн сом мыйзамсыз пайдаланган – шектелген аткаминер кармалды

«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Буга байланыштуу УКМК тарабынан мекеменин астындагы «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу ишканасынын» жетекчиси Эрнист Касымов кармалды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, жеке материалдык баюу максатында Касымов ЖЧК менен откананы жалпы суммасы 4 млн 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды.

«Ошол эле учурда кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери “Э.К.” ЖЧКсы тарабынан жасалбаганы тууралуу маалыматтар алынган, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекеттик ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген», - деп мекеме тактады.

2023-жылдын 19-июлунда Касымов кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМКнын тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.