«Таможня дает добро» - Акылбек Жапаров бажычылар ай сайын 8.1 млрд сом чогултканын мактады

Бажы кызматы 2021-жылы ай сайын 3.9 млрд сомдон, азыр 8.1 млрд сомдон чогултуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

«Белое солнце пустыни» деген кинодогу «Таможня дает добро», «Ты знаешь – я мзду не беру. Мне за Державу обидно» деген Павел Верещагиндин позициясындагы кызматкерлердин мамлекет үчүн патриоттуулугу пайда болду деп ойлойм», - деди Жапаров.

Ошондой эле 2022-жылы 442.8 млрд сомго аткарылганын айтты. Акыркы эки жылда 310 млрд сом кошумча табылган.