> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров Россия жана Армениянын премьер-министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү
- URL: https://im.kg/biilik/2023/07/21/akylbiek-zhaparov-rossiia-zhana-armieniianyn-priemier-ministrlieri-mienien-tieliefon-arkyluu-suiloshtu/
- Published: 2023-07-21T03:25:41.000Z
- Updated: 2023-07-21T03:25:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү тармактардагы кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.