Акылбек Жапаров Россия жана Армениянын премьер-министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү тармактардагы кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.