Наманганда кыргыз-өзбек комиссиясы демаркация маселесин талкуулады

2023-жылдын 13-июлунан 20-июлуна чейин Наманган шаарында (Өзбекстан Республикасы) КР менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда боло турган демаркация маселелери талкууланып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү.

Иш-чаралардын жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду.