Бишкектин муниципалдык ишканалары үчүн 76 атайын техника жана жабдууларды сатып алынды

Борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника сатып алынды. Анын 61и техника, 16сы жабдуу. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, мындан тышкары «Бишкексуучарба» МИге дагы бир атайын техника келүүсү  күтүлүүдө.

Атайын техникалар  «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Бишкекжарык», «Бишкекшаарлифт», «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык», ошондой эле «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканаларына алынды.

Алынган «жаңы техникалардын» арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсиниратор жана башкалар бар.