Панфилов районунун жергиликтүү бюджетине 7.9 млн сом финансылык бузуулар аныкталган

Панфилов районунун жергиликтүү бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 7 млн 905 миң сом финансылык бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Финансылык бузуулардын ичинде:

жетпей калуулар жана уурдоолор – 222.8 миң сом;

каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7.2 млн сом, анын ичинде:

•    эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 1.7 млн сом;

•    курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 5.3 млн сом;

•   эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 167.8 миң сом;

бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 407.7 миң сом, алардын ичинен;

•   бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 405.7 миң сом;

Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 2 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 14.4 млн сом, анын ичинде:

• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 102.1 миң сом;

• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 4.6 млн сом;

• өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө, анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен, колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 4.4 млн сом;

• башка резервдер жана жоготуулар – 5.3 млн сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 4 млн сом, анын ичинде:

• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 4 млн сом.