Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы мектептердин курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу жана Өзгөн районундагы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Бакыт Төрөбаев мектептин сапатына жана бүткөрүү мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бул иштерди толук бүткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн билдирди.

Мындан сырткары бардык мектептер заманбап салынып жаткандыктан таза суу ж.б кошумча маселелерин кошо чечүү керектигин тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди.