Экс-министр Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды

Экс-министр Динара Кутманова 15 күнгө УКМКнын камагында калды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот Динара Кутманованы тергөөнүн жүрүп жаткан мөөнөтүндө, башкача айтканда, 9-августка чейин УКМКнын абагында калтырды.

Эске салсак, буга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-жетекчиси бир нече коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. УКМК Кутманова, анын туугандары жана жакындары ар кандай долбоорлордон миллиондогон акчаларды уурдаган деп билдирди.