Мамлекет дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатып алат
2023-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу аркылуу сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, клейковинасы 23%дан кем эмес 40 миң тонна аштык буудайды сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик тарабынан 40 миң тонна көлөмдөгү аштык буудайдын квотасын облустарга, ал эми облустар райондорго бөлүштүрүп берилген.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы клейковинсы 23% төмөн эмес 1 кг аштык буудайдын сатып алуу баасын 23 сомдон бекитип берген.