Кыргызстанда жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоору ишке ашырылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоорду ишке ашырууга катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жер көчкүгө каршы курулуш иштерине байланыштуу, аталган аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү зарылдыгын, ал эми көчүрүүгө байланыштуу чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөөрүн белгиледи.

«Мамлекеттин милдети – адамдардын, өзгөчө кооптуу климаттык шарттарда жашагандардын коопсуздугун камсыздоо. Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү биздин өлкөгө дагы таасирин тийгизип жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Бийик тоолордогу мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында нымдуулук көтөрүлүп, тоолорубуз туруктуулугун жоготуп, жылып жатат.
Эгемендүүлүк алгандан бери өлкө көп жер көчкүлөрдү башынан өткөрдү. Алардын 18зи калктуу конуштарга түшүп, анын кесепетинен 236 жаран каза болгон, 277 турак жай жана 7 социалдык объект кыйрап калган. Министрлер кабинетинин Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте көрүп жаткан бүгүнкү чаралары мындай аймактарда жашоо коркунучун кыйла азайтат», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.