> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альфа Телекомдун» экс-жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына бошотулду
- URL: https://im.kg/biilik/2023/08/03/alfa-tieliekomdun-eks-zhietiekchisi-azat-bazarkulov-kieltirilghien-zyiandyn-ordun-tolturghandan-kiiin-ui-kamaghyna-boshotuldu/
- Published: 2023-08-03T07:20:59.000Z
- Updated: 2023-08-03T07:20:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**«Альфа Телеком» (MEGA) компаниясынын сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар боюнча кармалган экс-жетекчиси Азат Базаркулов мамлекетке келтирилген материалдык чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу ММК борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме менен жазып чыгышты.**

Келтирилген зыяндын ордун толтургандан кийин Базаркуловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Соттун айтымында, ал бул иш боюнча дагы эки айыпталуучу менен бирге мамлекетке 6 миллион 709 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

Базаркулов 2023-жылдын 9-сентябрына чейин үй камагында болот.