«Альфа Телекомдун» экс-жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына бошотулду

«Альфа Телеком» (MEGA) компаниясынын сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар боюнча кармалган экс-жетекчиси Азат Базаркулов мамлекетке келтирилген материалдык чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу ММК борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме менен жазып чыгышты.

Келтирилген зыяндын ордун толтургандан кийин Базаркуловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Соттун айтымында, ал бул иш боюнча дагы эки айыпталуучу менен бирге мамлекетке 6 миллион 709 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

Базаркулов 2023-жылдын 9-сентябрына чейин үй камагында болот.