Бишкекте салыктык эмес кирешелерин көбөйтүү маселеси талкууланды

Борбор калаада Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын салыктык эмес кирешелерин көбөйтүү боюнча шаардык штаб  өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынтыгында мэр жыл аягына чейин салыктык эмес кирешелер боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоону мэрдин биринчи орун басары Мирлан Байгончоковго жана шаардын муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басары Нурдан Орунтаевге тапшырды.

Ошондой эле, мэрдин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басарына салыктык эмес кирешелердин планы аткарылбаган учурда жеке жоопкерчилик эскертилди.

Жыйындын жүрүшүндө Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин каржы башкармалыгына киреше бөлүгүндө сатылган активдердин көлөмүн эске алууну тапшырды.

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги «Санариптик технологиялар борбору» МИ биргеликте муниципалдык мүлк жөнүндө маалыматтарды калк арасында ачык айкын жайылтуу боюнча иш жүргүзүүсү керек.