Салык кызматы жеке жактардын 2.3 млн ашуун салык декларацияларын жок кылды

Салык кызматы жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан берилген бардык салык декларацияларын жок кылуу процессин аяктады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жалпысынан жеке жактардын 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынды.

Анын ичинен 1 млн 503,1 миң декларация ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактарга, 321,5 миңи – салык салынуучу кирешеси жокторго (жөнөкөйлөтүлгөн), 553,1 миңи – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген жактарга таандык.

Электрондук декларациялар "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси тарабынан жок кылынды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык мамлекет жеке жактар тарабынан берилген салык декларацияларын жок кылууга кепилдик берерин белгиледи.

Салык кызматына Мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден тышкары жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган.