Жазаларды аткаруу кызматынын бюджети 3 млрд сомго чейин көбөйдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан № 19 ведомстволук бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Маалым болгондой, бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды, ал 240 орунга ылайыкталган. Жапаров ошондой эле буга чейин жазык-аткаруу системасын каржылоо калдык принцибинде ишке ашырылып келгенин белгиледи.

«Алыс барбайлы, Жазаларды аткаруу кызматына 2015-жылы 900 млн сом каралса, азыр акыркы эки жылда 3 млрд сомго чейин каражат каралды. Бул каражаттар биринчиден – кызматкерлердин айлыктарын, ардагерлердин пенсиясын көтөрүүгө, бүгүнкүдөй турмуш-шартын жакшыртууга жумшалууда, экинчиден Жазаларды аткаруу мекемелери шаар сыртына көчүрүлүп жатат», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.