Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору жолугушту

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жолугушту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Душанбе шаарында болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу КРнын аймагында болоору пландалууда.