Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык министрликтердин санариптештирүү боюнча министрлеринин орун басарларын окуудан өткөрүүдө. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Тренингдин биринчи күнү минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү. Ал маалымат базаларын түзүү жана алардын ортосунда маалымат алмашуу, жеке маалыматтарды коргоо, санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү – мунун баары өлкөнү санариптештирүү үчүн маанилүү компоненттер экенин белгиледи.

"Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк жана президентибиз койгон пландарды аткаруудабыз. Технологиянын тез өнүгүүсүндө мамлекет мурдагыдай ордунда тура бербеши керек.
Ошондуктан, мамлекеттик кызматкерлерибиздин жаңы инструменттерди жана ыкмаларды мамлекеттин пайдасына максималдуу түрдө пайдалана алышы үчүн аларга санариптик көндүмдөрдү окутууга инвестициялоо маанилүү. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча аттестациялоо экзаменин өткөрүп, жыйынтыгын мага билдиришиңиздер керек", — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, министрлердин орун басарлары санариптик трансформациянын стратегиялары, электрондук өкмөттүн мыйзамдык негиздери, маалыматтык системалардын механизмдери, жеке маалыматтарды коргоо багыттары боюнча окуудан өтөт.

Тренинг минкабга караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулуп, 2023-жылдын 14-августунан 16-августуна чейин өткөрүлөт.