Миллиондор абага. Садыр Жапаровдун Венгрияга учканына 7 млн сомдой кеткен болушу мүмкүн — Temirov Live

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга учуп барып келгенине 7 млн сомдой сарпталган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Temirov Live каналынын иликтөөчү журналисттери билдирди.

Журналисттердин айтымында, Садыр Жапаров жакында Катар авиакомпаниясынын Qatar Executive A7-HHJ учагы менен Венгрияга учуп кеткен. Aviapages порталынын маалыматтарына таянып, журналисттер бир адамга 74.5 миң еврону, болжол менен 7.1 млн сомду түзгөн рейстин баасын эсептеп чыгышкан. Журналисттер Бишкектен Будапештке кадимки билеттин болжолдуу баасы 500 долларды түзөрүн белгилешти.

Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын июль айында Сауд Аравиясына Air X Chapter компаниясынан Embraer Lineage 1000 аттуу жеке бизнес учагы менен учуп кеткен. Ошол эле учурда анын администрациясы күйүүчү майга гана акча төлөгөнүн билдирген.

Мамлекет башчысы дал ушул компаниянын кызматынан бир нече жолу пайдаланганын кошумчалайбыз. Мисалы, анын учактары менен Түркияга жана Шотландияга учуп кеткен. Анда Factchek.kg. медиасынын журналисттери мындай учакта бир саат учуунун баасы 14.85 миң доллар экенин аныкташкан.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын президенти үчүн эконом класстагы учактар да жат эмес. Анткени мындай учак менен Жапаров жакында Камчыбек Ташиев менен бирге Жалал-Абад облусуна учкан.