Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынында мыйзамсыз алынган 29 батир табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Н.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыктан кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, муну менен бирге, Ш.Н.Ш. кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында, айыл өкмөтүн башкарып турганда, башка фигуранттарга каттоо менен, бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алган. Алар,  жер тилкелер - 20, автоунаалар - 29, жеке үйлөр - 6, батирлер - 31,  өндүрүштүк цехтер - 5, бетон заводу - 1, соода борбору - 1, спорт комплекси - 1, кум жана шагыл композициялары чыгаруучу карьер - 1, техникалык тейлөө станциялары - 1, унаа токтотуучу жайлар - 3, сарайлар - 3, ресторандар - 6. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, аталган мүлктүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан.

2023-жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Ш.Н.Ш. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Ш.Н.Ш.га жана коррупцияга тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.