Баткендин энергетиктерине жаңы унаа берилди

Баткен электр тармактар ишканасынын директору чек ара аймагында иштеген энегетиктерге жаңы «Соболь» унаасын тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Унааны тапшыруу аземинде директор Каланбек Маркаев энергетиктердин иштерине ийгилик каалап, элдин кызматын аткарууда жаңы унаа жумуштун ыкчам аткарылуусуна шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек 2023-жылдын 8-август күнү энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын жети облусунда жайгашкан электр тармактар ишканаларына жалпы 11 даана жаңы унаа тапшырган. Алардын ичинен 1 Соболь жана 1 экскватор унаасы Баткен электр тармактар ишканасына берилген.