Жалал-Абадда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектиси ачылды

Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектиси ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, президент Садыр Жапаров, жакынкы мезгилде калкынын саны жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абад шаарынын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.

"Өнүгүүнүн жаңы түйүнүнө айланып бара жаткан бул шаарда аталган 2 млрд сомдон сырткары, республикалык бюджеттен каржыланып жаткан курулуштар да арбын. Бүгүнкү күндө эң ири долбоорлордун бири катары шаардын чок ортосунда жайгашкан Жаза аткаруу мекемесин шаар сыртына которуу иштерин атасак болот. Алдыда Жалал-Абад аэропортун да шаар четине чыгарып, заманбап эл аралык аэропорт курууну көздөп жатабыз. Бул аракеттер биринчи кезекте калаа тургундарынын коопсуздугун, жайлуулугун камсыз кылат. Аталган объектилердин ордуна шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон жаңы имараттар түшөт", - деп белгиледи Садыр Жапаров.