Жээнбек Кулубаев орусиялык ишкер Дмитрий Зеленин эмне үчүн КРнын жарандыгын алганын түшүндүрүп берди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Deutsche Welle басылмасына берген маегинде Россиянын мурдагы губернаторлоруна, Кремлге тиешеси бар ири ишкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө КРнын жарандыгынын берилишине комментарий берди.

— Өткөн жылы биздин кесиптештер Кыргызстандын президентинин сайтынан түзмө-түз ондогон орусиялыктарга жарандык берүү жөнүндө жарлыкты көрүшкөн, алардын арасында белгилүү адамдар да бар. Булар мурдагы губернаторлор, Кремлге байланышы бар белгилүү бизнесмендердин үй-бүлөлөрү жана башкалар. Ошондо көбү бул санкциялардан жана кээ бир бай орусиялыктардын бул санкцияларды айланып өтүү каалоосунан улам деп шектенишкен. Муну кантип түшүндүрөсүз?

— Кыргызстанга кайтып келгендер көп. Булар Орусияда бир канча убакыт жашаган орус тилдүү жарандарыбыз. Бирок алар ал жакка мобилизациялангандыктан, көбү Кыргызстанга кайтып келишет. Көптөр жарандык алуу үчүн кайрылышат, бул жерден баш тарта албайбыз. Саясий деп эмнени айтып жатасыз, алардан бир-эки эле учур бар.

- Мисалы, Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин. Ал Кыргызстандан эмес экени билинип турат?

— Алар Кыргызстанга келип бизнес ачышат. Алардын үй-бүлөлөрү ошол жерде жашашат. Бизде эркин өлкө бар. «Сен оруссуң, жарандык бере албайбыз» деп айта албайбыз. Кыргызстандын жараны болгусу келсе, эмнеге болбосун? Болгону жети миллион калкыбыз бар. Биз азыр абдан чоң долбоорлорду баштап жатабыз. Бизде жумушчу күчү жетишсиз. Өлкөбүздүн жараны болуңуз!

Эске салсак, 2023-жылдын март айында Россиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алганы белгилүү болгон. Белгилей кетсек, буга чейин бир нече ири айыл чарба долбоорлорун жетектеп турган Зеленин орусиялык Forbes рейтингинде 37-орунду ээлеген.

Толук маекти шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.