Талас районунун аткаминерлери мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген – УКМК

Талас районунун архитектурасынын, кадастр мамлекеттик мекемесинин, ошондой эле  аталган райондун Нуржанов айыл аймагынын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, 2011-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде трансформацияланбаган айыл чарбанын 5.5 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Көрсөтүлгөн жер тилкеси 20 жарандын жеке менчигине өтүп, анын 17си буга чейин турак жайларды куруп алышканы маалым болду.

Адистердин айтымында, ар бир участоктун баасы 1.5 млн сомго бааланган. Алардын мамлекетке келтирилген жалпы зыянды болжол менен 50 млн сомго баалоого болот.

Учурда УКМК келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чараларды көрүп жатат.