Чоң-Алайда УКМКнын жаңы имараты ачылды - демөөрчү белгисиз

УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмү буга чейин Советтер Союзу учурунда курулган эскилиги жеткен имаратта иштеп келген. Жаңы имаратта заманбап шарттар толугу менен камсыздалган.

УКМКдан кошумчалашкандай, имаратты курууда мамлекеттик бюджеттен каржы коротулган эмес.