Алмамбет Шыкмаматов МИКнын жетекчиси болуп дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Такталгандай, Шыкмаматовду компаниянын директорлор кеңеши дайындады.

Эске салсак, Шыкмаматов 2023-жылдын январь айында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган.