Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, буга чейин кызматты Кеңешбай Тайлаков жетектеп келген.1