> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ММБФда 964.8 млн сом каржы бузууларды аныкталды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/09/06/mmbfda-964-8-mln-som-karzhy-buzuulardy-anyktaldy/
- Published: 2023-09-06T07:00:48.000Z
- Updated: 2023-09-06T07:00:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Эсептөө палатасы тарабынан 2022-жыл аралыгына карата Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Аудиттин жыйынтыгында, фонддо жалпысынын 75 мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулары аныкталды. Аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 964 млн 782,7 миң сомду түздү, анын ичинен: 124 млн 023,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма, аудит убагында 1 020,8 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасынын каржылык бузуулардын классификатору боюнча бузуулардын структурасы төмөнкүдөй:

1\. КРнын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол коюлган бузуулар: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 9, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 610.5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш.

2\. КРнын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 27, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 920 млн сом, анын ичинен: 110.9 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 504.2 миң сом калыбына келтирилди.

3\. Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер: саны – 11, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 18.4 млн сом, анын ичинен: 10.5 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 389.1 миң сом калыбына келтирилди;

4\. Эсепке алуу жана отчеттуулуктун тартибин бузуулар: саны – 15, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 10 674,6 миң сом, анын ичинен: 1.8 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 127.5 миң сом калыбына келтирилди.

5\. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузуулар: саны – 5, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 15 млн сом.

6\. Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин коллизиялары жана жол-жоболук бузуулар: саны – 8, бул бөлүктө жол-жоболук бузуулар гана классификациялангандыктан акча-каражат түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн эмес.