ММБФда 964.8 млн сом каржы бузууларды аныкталды

КР Эсептөө палатасы тарабынан 2022-жыл аралыгына карата  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Аудиттин жыйынтыгында, фонддо жалпысынын 75 мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулары аныкталды. Аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 964 млн 782,7 миң сомду түздү, анын ичинен:   124 млн 023,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма, аудит убагында 1 020,8 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасынын каржылык бузуулардын классификатору боюнча бузуулардын структурасы төмөнкүдөй:

1. КРнын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол коюлган бузуулар: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 9, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 610.5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш.

2. КРнын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 27, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 920 млн сом, анын ичинен: 110.9 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 504.2 миң сом калыбына келтирилди.

3. Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер: саны – 11, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 18.4 млн сом, анын ичинен:  10.5 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 389.1 миң сом калыбына келтирилди;

4. Эсепке алуу жана отчеттуулуктун тартибин бузуулар: саны – 15, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 10 674,6 миң сом, анын ичинен:  1.8 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 127.5 миң сом калыбына келтирилди.

5. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузуулар: саны – 5, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 15 млн сом.

6. Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин коллизиялары жана жол-жоболук бузуулар: саны – 8, бул бөлүктө жол-жоболук бузуулар гана классификациялангандыктан акча-каражат түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн эмес.