Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Равшанбек Рысбаев ант берди – өмүрбаяны

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ант берди.

Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.

Жаңы депутаттын өмүрбаяны:

1976-жылы 2-июнунда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун «Коммунист» (учурда-Борбаш) айылында туулган. Жогорку билимдүү;

1996-2003 жылдары Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык факультетинде окуп, аяктаган.

Эмгек жолу :

2002-2008-жылдары жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;

2012-жылы Ош  шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, вице-спикер кызматын аркалаган;

2014 - 2021-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрдин орун басары;

2021-жылы  Кыргызстан социал-демократиялык  партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.