Санариптик өнүктүрүү экс-министри Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле Умбриэль Темиралиев агенттиктин директору кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Нурия Кутнаева КР санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.