Инвестициялык агенттиктин экс-директору «Бишкек» ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Инвестициялык агенттиктин мурдагы директору Умбриэль Темиралиев Бишкек ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бир күн мурун президент Садыр Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Темиралиевди Инвестиция агенттигинин жетекчиси кызматынан бошоткон. Мекеменин жаңы жетекчиси болуп буга чейин санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Талантбек Иманов дайындалды. Темиралиев 2022-жылдын сентябрынан бери Инвестициялар агенттигин жетектеп келген.