Карганбек Самаковдун уулу ЖК депутатынын мандатына ээ болуусу мүмкүн

2023-жылдын 10-сентябрында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоосу өттү.

Шайлоо системасынын маалыматына ылайык, алдын ала биринчи орунга Кубанычбек Самаков чыкты. 26.17% добуштарга ээ болду. Андан кийин Русланбек Тагаев (19%) жана Алмаз уулу Аскар (13%) 2 жана 3 орунду ээлешти.

Эске салсак, Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдун уулу. Самаковдун атына төрт ишкана катталганы маалым.