Жумгалда УКМКнын жаңы имараты ачылды

2023-жылдын 11-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын Жумгал райондук бөлүмүнүн имараты ачылды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн  тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.