> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Аю» холдингинин ээси камакка сыртынан камалды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/09/12/aiu-kholdinghinin-eesi-kamakka-syrtynan-kamaldy/
- Published: 2023-09-12T05:45:21.000Z
- Updated: 2023-09-12T05:45:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media Бишкектин Биринчи май райондук сотуна шилтеме менен жазып чыкты.**

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Айыпталуучу А.Ш.Ш.га карата сыртынан камакка алуу жана камакка алуу түрүндөгү чарасы колдонулган.

Эске салсак, 2023-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 

Маалым болгондой, Абдыкеримов өзү Кыргызстанда эмес.