«Аю» холдингинин ээси камакка сыртынан камалды

«Аю» холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media Бишкектин Биринчи май райондук сотуна шилтеме менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Айыпталуучу А.Ш.Ш.га карата сыртынан камакка алуу жана камакка алуу түрүндөгү чарасы колдонулган.

Эске салсак, 2023-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, Абдыкеримов өзү Кыргызстанда эмес.