«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө 12.2 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан «Кыргызалтын» ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТПФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТПФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок, буга карабастан АТПФтин жооптуу адамдары тарабынан жогоруда аталган техникалар үчүн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып алынып турган.

Ошондой эле, 2019-2021-жылдар аралыгында «Кыргызалтын» ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын мурдагы директору М.М.М. менен жеке ишкер И.Р.К. темир жол рельстерин оңдоо үчүн зарыл болгон материалдарды алып берүүгө жана аларды оңдоо (монтаждоо жана демонтаждоо) боюнча иштерди жүргүзүүгө жасалма келишимдерди түзүшкөн. Бирок, подрядчы тарабынан материалдарды жана жогоруда аталган оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ал филиалдын жооптуу адамдарынын өтүнүчү менен гана сынакка катышкан. Подрядчы анын банк эсебине которулган бардык каражаттарды «Кыргызалтын» ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошону менен, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-августуна чейинки аралыкта «Кыргызалтын» ААКнын АТПФтин ишмердүүлүгүндө жалпы суммасы 12.2 млн сомду түзгөн финансылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкананын мурдагы директору жана башкы инженери Кылмыш-жаза кодексинин 245-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (өзгөчө оор өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалган коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш жасаган деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.