Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын алдында расмий түрдө кечирим сурады.

Анын айтымында, анын Жогорку Кеңештин конституциялык милдет жана укуктарына, депуттардын беделине, жалпы элдик бийликке жана демократияга шек келтирүү укугу да, ниети да болгон эмес.

“Мен эмоцияга алдырып койдум. Сиздерден расмий түрдө кечирим сурайм”, - деди ал.