Кудайберген Базарбаев ЖӨБМА директору болуп дайындалды

Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин агенттиктин директору Улан Карыпбеков кызматынан бошотулган.

Эске салсак, Базарбаев Эмгек министрлигин жетектеп келген.