«Кулунду» заставасында чак арачыларга батирлер тапшырылды

«Кулунду» заставасында чак арачыларга батирлер тапшырылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган.

Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар. Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кулунду" чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышты.