Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, ДушанбедеБорбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Бешинчи Консультативдик жолугушууга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев чакырылган мейман катары катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлде үзгүлтүксүз диалогду колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн, ошондой эле мамлекеттерибиздин ортосундагы өз ара ишенимди кыйла бекемдеп жатканын белгиледи.

“Биздин биргелешкен ишибиз, бири-бирибизди урматтоонун, бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды эске алуунун негизинде, ынак коңшулук духунда туруктуу диалог жана баарлашуу бардык тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө, эзелтен бери биздин кең жана бай аймакты байырлаган элдердин жалпы кызыкчылыктарын жана биримдик сезимин өнүктүрүүгө жана колдоого мүмкүндүк берет деп ишенем”, - деп белгиледи президент.