Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байдендин биринчи Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

• тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

• президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

• АКШдагы элчи Бактыбек Аманбаев;

• президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

• жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

• саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

• экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

• юстиция министри Аяз Баетов;

• КРнынБУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.