Өкмөттө кризиске каршы А, Б жана В планы бар – Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинети энергетикалык кризиске карата планы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан, Орусия жана Түркмөнстан электр жарыгын көйгөйсүз берерин билдирди. Бирок маселе жаралса, өкмөттө кризиске каршы А, Б жана В планы бар. Бирок кандай пландар экенин аткаминер ачыктаган жок.

“Бишкек ЖЭБин колдонобуз. Сууну кармайбыз. Ошондой эле 98.7 мВт киргизебиз, кичи ГЭСтерден болсо 100 мВт кирет. Болжол менен 500 мВт болот. Бул биздин Б планыбыз. Сууну камдап алабыз. Өзбек тарап түшүнүп турат, эгер алар кышкысын электр жарыгын бербесе, жайында суу албай калышат», - деп түшүндүрдү ал.