Парламенттин депутттары Сеулга учуп кетишти – тизме

ЖК депуттарынын тобу Сеулдагы Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесине катышышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кореяга төрага Нурланбек Шакиев, депутаттар Бактыбек Чойбеков, Шайлообек Атазов, Балбак Түлөбаев, Суйунбек Омурзаков, Камила Талиева, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков кетишкен.

Нурланбек Шакиевдин айтымында, өткөрүлүп жаткан жолугушуу мамлекеттер аралык байланыштарды арттырууда өзгөчө мааниге ээ.

"Айрыкча бул кеңешме кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, Борбор Азия мамлекеттеринин Корея Республикасы менен болгон мамилелерин чыңдоого олуттуу салым кошот. Анткени, парламенттик дипломатия өлкөлөр ортосундагы бекем жана ишенимдүү мамилелерди калыптандыруунун уникалдуу формасы эле эмес, мамлекеттерди өнүктүрүүнүн маанилүү ыкмасы болуп эсептелет", – деди төрага.

Муну менен катар Кыргызстан коңшу мамлекеттер жана Корея Республикасы менен достукка жана ишенимге негизделген өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар экендигин айткан Нурланбек Шакиев туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар тууралуу сөз кылды.

Эскерте кетсек, парламент төрагаларынын алгачкы кеңешмесине Кыргызстандын, Кореянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин төрагалары катышты.