Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.