Жогорку Кеңештин тармактык эки комитеттин төрагасынын жаңы орун басарлары шайланды

2023-жылдын 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.

Жыйында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Талайбек Масабировдун, транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин сунуштады.

Ал эми “Ынтымак” фракциясынан көрсөтүлгөн Шарапаткан Мажитова менен “Элдик” депутаттык тобунан сунушталган Нурлан Ражавалиев өз талапкерлигин алып салышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйындыгында  депутат Талайбек Масабиров бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Гүлшаркан Култаева транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.