Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюп салууну сунуштады. Бул демилгени депутат парламенттин жыйынында көтөрдү.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Ысык-Көлдүн Түп районунда, Нарын облусунун 63 айыл өкмөтүндө пилоттук режимде жүргүзүлүп жатат. Жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалган.

Депутат губернатор институтун жоюу каралганбы деген суроону берди. Аткаминер мындай идея жоктугун айтты.

“Менин оюмча губернатор институту делген облустук администрацияны жоюш керек. Жөн эле жылына бюджеттен миллиарддарды жеп-ичип отурушат. Ушуну эске алып койсоңуздар”, — деди Коргонбай уулу.