Акылбек Жапаров IT-коворкинг борборунун ишмердиги менен таанышты – коштоочулардын бири Өмүрбек Бабанов болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Таанышуунун жүрүшүндө республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди.

IT-борборго болгон сапарда Жапаровкго борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Анын коштоочулардын бири экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов болду.

Эске салсак, коворкинг борбору Бабановго таандык болгон имаратта жайгашкан.