> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө бир катар маанилүү тапшырмаларды берди
- URL: https://im.kg/biilik/2023/09/21/akylbiek-zhaparov-zhierghiliktuu-biilik-orghandarynyn-okuldoruno-bir-katar-maaniluu-tapshyrmalardy-bierdi/
- Published: 2023-09-21T07:50:59.000Z
- Updated: 2023-09-21T07:50:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен видеоконференция байланыш аркылуу административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү, ошондой эле республикалык масштабдагы маанилүү иш-чараларды уюштуруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Минкаб төрагасы “Тиешелүү бир аймактын жашоочуларынын бакубаттуулугу ар бир облус жетекчисинин, айыл өкмөттөрүнүн колунда” деп белгиледи.

> “Ар бир айыл аймакта жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр бар экенин билебиз. Аларды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Аймактарды өнүктүрүү фонддору түзүлдү, сиздерде облустун тургундарынын жашоо деңгээлин чындап көтөрүү үчүн бардык инструменттер бар, эгер сиздердин күчүңүздөр жетпесе, биз ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир жуманын ичинде чечилиши жылдап созулуп, улам кийинкиге калтырылган көйгөйлөрдүн тизмесин берүү тапшырмасын берди.