Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө бир катар маанилүү тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен видеоконференция байланыш аркылуу административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү, ошондой эле республикалык масштабдагы маанилүү иш-чараларды уюштуруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы “Тиешелүү бир аймактын жашоочуларынын бакубаттуулугу ар бир облус жетекчисинин, айыл өкмөттөрүнүн колунда” деп белгиледи.

“Ар бир айыл аймакта жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр бар экенин билебиз. Аларды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Аймактарды өнүктүрүү фонддору түзүлдү, сиздерде облустун тургундарынын жашоо деңгээлин чындап көтөрүү үчүн бардык инструменттер бар, эгер сиздердин күчүңүздөр жетпесе, биз ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир жуманын ичинде чечилиши жылдап созулуп, улам кийинкиге калтырылган көйгөйлөрдүн тизмесин берүү тапшырмасын берди.